Белгилүү актёр Аль Пачино 1940-жылы 25-апрелде Нью-Йоркто төрөлгөн. Өз аты Альфредо Жеймс Пачино. 50дөн ашуун киного тартылып, "Оскар", "Алтын глобус", "Эмми" жана башка сыйлыктарга татыктуу болгон.
Альфредонун тубаса таланты мектепте байкалып, мектепте коюлган алгачкы спектаклде анын аткаруучулугу көптөрдү таң калтырган. 17 жашында чыгармачылыкты тандап, мектепти таштап, курьерлик жумушка орношот. Анткени актёрлук билимге ээ болуу үчүн каражат керек болгон. Тиешелүү сумманы топтогон соң Альфредо Америкадагы эң мыкты деген Ли Страсберг аттуу актёрлук мектепке кирген. Мектепти бүткөн соң, алгач театрда иштеп жүрүп акырындык менен киного өтөт. Пьесадагы алгачкы ролу үчүн "эң мыкты актёр" деген атка татыган. Ал эми киного тартылган биринчи ролу Аль Пачиного эч кандай ийгилик алып келген эмес. Бирок экинчи тартылган "Өкүл ата" ("Крёстный отец") фильминен кийин Аль Пачинонун жылдызы жанып дүйнөгө таанылган.

Фрэнсис Форд Копполанын "Өкүл ата" ("Крёстный отец") криминалдык фильминин башкы каарманына Аль Пачинону сунушташат. 20 мүнөттүк киносынактан кийин башкы каарман
Майкл Карлеоненин ролу Аль Пачиного берилет. Ал ролду
Жек Николсон аттуу актёрго берүү керек деп талашкан продюсерге режиссёр Фрэнсис Форд Коппола караманча каршы чыккан.
"Эгерде бул ролду Аль Пачиного бербесеңер, анда кинону менсиз тарткыла" деген кескин бүтүмдөн улам бул роль Аль Пачиного берилген.

Тубаса таланты, чоң роль жаратуу үчүн умтулуусу чындыгында эле Аль Пачиного болуп көрбөгөндөй даңк алып келген. Бул тасма жарыкка чыккан соң Аль Пачинонун сүрөтү басма сөз бетине жайнап, мына ушундан баштап анын чыныгы актёрлук жолу башталган. Бирок актёр алкоголдук ичимдиктерди ичип баштаган. Алгач кинону таштап театрга кетип, аздан соң ал жактагы жумушун да таштап, биротоло чыгармачылыктан кеткен. Ичип, баңгизатын колдонуп, төрт жылдан кийин гана кайра кайтып келген.

Досу режиссёр
Сидни Поллак Аль Пачинонун кайрадан киного келишине чоң салым кошкон. Досунун жардамы менен атайын аракечтиктен жана баңгиликтен дарылоочу клиникага жатып дарыланган соң, кайрадан чыгармачылыка кайтып келген. Анын кайтып келгендеги биринчи ролу да аракечтин ролу болгон. Бул роль дагы Аль Пачиного чоң атак алып келген.

Андан сырткары Аль Пачино "Падыша Лир" ("Король Лир"), "Оушендин 13 досу" ("Тринадцать друзей Оушена"), "Периштелер Америкада" ("Ангелы в Америке") жана башка көптөгөн тасмаларында роль жараткан. Актёр 1993-жылы тартылган "Айым жыты" тасмасындагы ролу үчүн "Оскар" сыйлыгын алган. Ошондой эле актёр көп ирет "Алтын глобус", "BAFTA" жана башка сыйлыктарга ээ болгон.

Актёр бир дагы жолу үйлөнгөн эмес, бирок ал курган сүйүү мамилелеринен улам 3 баланын атасы болгон. 1989-жылы
Яна Тэррант аттуу мугалим айым ага
Жулия Мария Пачино аттуу кыз төрөп берсе, актриса
Беверли Д`Анжело ага
Антон Жеймс жана
Оливия Роуз аттуу эгиздерди тартуулаган.
