"Ош базарындагы" "Берекет" соода борборунун директору жана имараттын өрт коопсуздугуна жооп берген кызматкери камакка алынды. Бул тууралуу 25-апрелде SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар 24-апрелде кармалышкан. Учурда аларга карата 238-берене (өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.