АКШнын Алабама штатынын 28 жаштагы тургуну Кирстен Раэйн Пирсонду 2 жаштагы баласы кокусунан унааны жүргүзүп алып, сүзүп кеткен. Ал алган жаракатынан улам ооруканага жеткенде каза болгон. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышкан.
Маалыматка ылайык, унаа сүзгөндөн кийин оор жаракат алып, ооруканага тик учак менен жеткирилген. Бирок дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес. Учурда полиция кызматкерлери иштин чоо-жайын териштирүүдө. Бирок көпчүлүк бул окуяны кокустан болгон кырсык деп айтышууда.
Ошондой эле 2 жаштагы баланы камкордукка алган чоң апасы менен атасы окуя тууралуу айтуудан баш тартышкан.
"Балабызды күнөөлөбөйбүз, ал чоң апасы менен атасынын сүйүүсүнө бөлөнүп чоңоё берет" дешкен.