Мектеп лигасынын футзал боюнча мыкты оюнчусу Арген Эмилбеков Москвада өтө турчу "Футбол - достук үчүн" эл аралык долбооруна катышат

12 жаштагы Арген Эмилбеков мектеп лигасынын футзал боюнча мыкты оюнчусу аталып Москва шаарында өтө турган "Футбол - достук үчүн" эл аралык долбооруна катышат. Бул тууралуу бүгүн 25-мартта маалымат жыйында Бишкек мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын директорунун орун басары Мейирхан Аманбеков билдирди.

Маалым болгондой, Мектеп лиганын футзал боюнча мелдеши 2017-2018-сезондо "Футбол - достук үчүн" эл аралык долбоорунун алкагында орун алган. Бүгүн, аталган мелдеш жыйынтыкталып, мыкты оюнчу аныкталды, ал Арген Эмилбеков болду. Эмилбеков эми июнь айында Москва шаарында өтө турган "Футбол - достук үчүн" эл аралык долбоорго катышып, футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун Орусия-Сауд Аравия курамаларынын ортосундагы беттешине барат.

"Футбол - достук үчүн" эл аралык долбоорунун Орто Азиядагы уюштуруу комитетинин жетекчиси Амина Конурбаева долбоор тууралуу айтып берди.

"Аталган долбоор Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) алкагында ишин жүргүзүп келет. Долбоордун алгачкы максаты бул жаш муундун достук, тынчтык жана теңдик сапаттарын тарбиялоо болуп эсептелет. Аталган долбоордо быйыл 211 өлкөдөн 12 жаштагы спортчулар катышат. Алар бир командада ойнотуунун себебин уюштуруучулар, оюнчулар ынтымакташып, бири-бири менен көбүрөөк сүйлөшүп, достошуусуна өбөлгө түзүлө тургандыгы менен түшүндүргөн", - деп айтты Конурбаева.

Ал эми, Бишкек мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын директорунун орун басары Мейирхан Аманбеков 2017-жылы аталган долбоордо мектеп лигасынын мыкты оюнчусу Улан Дүйшөнкулов катышканын билдрип төмөнкүлөргө токтолду:

"Быйыл биз "Мектеп лигасынын" футзал боюнча мелдешин "Футбол - достук үчүн" деген ураан астында өткөрдүк. Бул ирет лиганын мыкты оюнчусу деп биз Арген Эмилбековду таптык. Ал Москва шаарына барып, ар өлкөнүн жаш спортчуларынан түзүлгөн "Ротшильддин акырасы" командасында ойнойт. Андан тышкары, Эмилбеков Дүйнө чемпиондугунун Орусия-Сауд Аравия курамаларынын ортосундагы беттешине барат".

Айта кетсек, Кыргыз өлкөсү "Футбол - достук үчүн" эл аралык долбооруна 3-ирет катышууда. Эл аралык футбол федерациясы алтынчы ирет өткөрүп жаткан мелдеште 211 өлкөнүн жаш спортчулары 32 командага бөлүнгөн. Кыргыздан тышкары бир командада Азербайжан, Коста-Рика, Сент-Люсия, Лаос жана Камордун оюнчулары болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан