"Алай" футболдук клубу АФК Кубогунун алкагында тажикстандык "Истиклол" менен беттешип, өз талаасында 2:3 эсебинде жеңилип калды

Бүгүн, 25-апрелде АФК Кубогунун тандап алуу оюндарынын 4-туру орун алды. Анда Оштун "Алай" футболдук клубу тажикстандык "Истиклолду" кабыл алды.

Ош шаарындагы Ахматбек Сүйүмбаев атындагы стадиондо орун алган беттеште тажикстандык команда акыркы мүнөттө эсепти 2:3 кылып, жеңишти илип кетти.

Эсеп санын 7-мүнөттө "Истиклолдун" капитаны Фатхулло Фатхуллоев пенальтиден ачты. 38-мүнөттө "Алай" командасы айып соккудан киргизген Улугбек Рыскуловдун голу менен жооп берсе, 45-мүнөттө "Истиклолдун" оюнчусу Ромиш Рыскулов кайрадан командасын алдыга чыгарды. 2-таймда Алиа Силла пенальти аткарууга мүмкүнчүлүк алып, таамай болду. Эсеп 2:2. Беттештин негизги убактысына 4 мүнөт кошулуп, анын 2-мүнөтүндө "Истиклол" эсепти 2:3 кылып жеңишти илип кетти.

Муну менен тажикстандык "Истиклол" 10 упай топтоп турнирдик жадыбалдын башында жайгашса, "Алай" командасы упайсыз 4-орунда жайгашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
gute
2018-04-25 16:18:43
Уят Уят, Алай утту женишке жетишти деген жанылык качан окуйбуз?
+3
Syimyk.isaev
2018-04-25 16:31:42
Женилээрин билип туруп барбадым оюнду коргону.
+4
Azat.97
2018-04-25 18:23:46
Алай деп аткандар унчукпай го.
+3
Ka4okrys
2018-04-25 20:24:35
Биздин лигабыз өтө эле слабый
+2
Dembele84
2018-04-25 20:30:26
Алай кучтуу баарибир ))) Дордой болгондо гол киргизе да албай 5-0 го женилет эле
-1
zheentaev
2018-04-26 08:34:31
Алай командасы Тажикстан менен ойногондо дарбазачысын алмаштырыш керек деп ойлойм. Анткени ал Тажикстандан болот. Анан кантип тажиктерге тартпасын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан