Милиция: "Жашы жете элек кызды вебкам-сойкулукка тарткан "сутенёрлор" кармалды"

Бишкекте жашы жете элек кызды алдоо жолу менен вебкам-сойкулукка тарткан балдар кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Адыл Оморов кабарлады.

Анын айтымында, кармалгандардын бири Ош облусунун 1993-жылы туулган М.К. аттуу тургуну болсо, экинчиси Баткен облусунун 1991-жылы туулган Ж.Н. аттуу тургуну.

"Өткөн айда Биринчи Май РИИБине өспүрүм кыздан арыз келип түшкөн. Ал өз арызында эки адам 2017-жылы чет элдик жарандарга интернет аркылуу интимдик кызмат көрсөтүүсүн уюштурушканын жазган.

Бул факты боюнча "порнографиялык буюмдарды жасоо же сатуу" беренеси боюнча кылмыш иши ачылган. Издөө иштеринин алкагында милиция кызматкерлери арызда белгиленген даректер боюнча үйдү текшерүүгө алып, натыйжада кылмышка шектүү 2 адамды кармашкан. Ошол үйдө 5 кыз бар болгон. Милиция кызматкерлери барган учурда алар ар бири өз-өзүнчө бөлмөлөрдө веб-камера аркылуу чет элдик кардарларына интернет аркылуу интимдик кызмат көрсөтүп жатышкан болгон.

Ал жерден тийиштүү материалдар алынгандан кийин үйдөгүлөрдүн бардыгы милиция бөлүмүнө жеткирилген. Козголгон кылмыш ишинин алкагында интернет аркылуу интимдик кызмат көрсөтүүнү уюштурууга шектелип кармалган 2 адам райондук соттун чечими менен эки айга СИЗОго камакка алынды", - деди Оморов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
nemo2016
2018-04-25 19:26:10
Акмактар коргоогондун ордуна абийирин ачасынар намыс кайда калды жигиттер, тфу жигит деп айтуудан да уяласын
+8
ekaterinburg
2018-04-25 19:53:32
Жакшы кабар.
-8
Paprikafm
2018-04-25 20:04:34
Мен ушуга тушунбодум, эмне чет элдиктер интернет аркылуу коруп эле акча толой береби
0
Ka2sr1
2018-04-25 20:16:53
Акча ырдап турган жерде, абийрин унчукпай калыптыр.
-4
aman0296
2018-04-25 20:27:34
Ушу вебкам иттей тажатты мени
+1
Nevestkaa
2018-04-25 21:10:02
Полный лицосун көргөзүп гезит журнал телевидениеге чыгарып салсын кыздарды жаман атты кылгандарды эл көрсүн билсин.
+9
Aidar151080
2018-04-26 07:48:19
Ушуга окшогон бети жоктордун сүрөтүн кошо чыгарып койсоңор жакшы болмок. Эл билип алардан алысыраак жүрүп калышмак беле. Зордуктаган, бирөөгө кол салгандардын жүзүн. Ага окшогон айбандарды жашырбай. Мүмкүн, кийинки айбандарга сабак болоор.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан