"Сүйүү күчү" тасмасы бир мүнөттүк аза күтүү менен башталып, конокторго көрсөтүлдү

Бүгүн, 25-апрелде Бишкектеги кинотеатрлардын биринде актриса, режиссёр Асема Токтобекованын "Сүйүү күчү" тасамасы жабык эшик артында көрсөтүлдү.
Алгач тасманын жалпы жамааты менен тааныштыруу орун алды. Кийин кинону тартуу учурунда каза болгон Хадижа Исмаилованы эскерүү үчүн бир мүнөттүк тыныгуу жарыяланып, анда Асема Токтобекова ыйлап жиберди.
Аталган тасмада Марат Алышпаев, Гүлмира Турсунбаева, Болот Тилек уулу, Замира Сатыбалдиева жана баш каармандар Асема Токтобекова менен Улан Эшпаев роль жаратышкан.

"Ондон ашуун тасмада баш каармандын ролун жараттым. Бул тасмада мен балага, бир тууган, энеге болгон сүйүүнү көрсөткүм келди. Кино 2017-жылы эле бүткөн, бирок кырсыкка байланыштуу өзүмдү моралдык жактан даярдап жүрдүм. Мен тартылып жатканда экинчи режиссёр жардам берип жатты, ошондуктан эч кандай кыйынчылык жаралган жок", - дейт Асема Токтобекова.

Фильмде Бакыт аттуу жигит төгөрөгү төп келген келишимдүү, билимдүү болгондуктан аны ата-энеси үйлөнтүүгө шашат. Бирок ал турмуш куруудан баш тартып түрдүү амалдарга барат. Себеби ал апасы каршы болгон бетинде тырыгы бар, кыймылы олдоксон Алтынайды жакшы көрөт. Ортодо көп тоскоолдуктар болот. Тагдыр Бакыт менен Алтынайды бирге кылабы же жокпу? Окуя мына ушул суроонун тегерегинде уланат.
"Сүйүү күчү" тасмасы эртең, 26-апрелден баштап өлкөбүздүн бардык кинотеатрларында көрсөтүлө баштайт.
Жети дубанды ынтымакка чакырган, сүйүүнү даңазалаган "Сүйүү күчү" тасмасынын бет ачары өттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Nevestkaa
2018-04-25 21:12:58
Асема баары жакшы бирок көкүрөктү жапкан кийим кийсең сонун болмок.Сен секелек кыз эмессин сен келинсин энесин.
+23
i1urp
2018-04-25 22:18:13
Асеманын когурогуно тийшпегиле мага абдан жакты. Кандай гана сулуу айым. Ушундай кокуроко жетип алышсынчы. Мышык майга жетпей сасык дептир болуп.
-15
Janna07
2018-04-25 22:32:41
Баткендин оругу эле жагат, барып жашаганга конулум жок, селер ойлобогула кинодогу Асема деп мени деген беле.
+4
Nariste...12
2018-04-25 22:42:02
Макияж слишкомбу же ....Ага караганда Назира супсулуу корунуптур.
+8
BegimaiBegimai
2018-04-25 23:34:27
Nariste...12,кой назираны сулуу дей корбо аша чаап кетет
+4
Ernic
2018-04-26 00:15:49
Эро киносу ушу экенби?
0
cholpon119966
2018-04-26 00:17:10
Асема озу табияттан сулуу аялзаты. Табийгый сулуулугу бар кыздар бойонуп алса жарашпай калат.
0
Jakai89
2018-04-26 03:11:15
ХХХХХХХ ХХХХХХХ А Асеманын кийимине кийлигишпейле койгула не сахнага шалбыр ыштан штапил койнок кийип чыгыш керек беле...
-6
Dalil
2018-04-26 05:50:42
Jakai89 өзүңдү заманбап сезе бербечи. Асеманын ушинтип чыкканы кайын журтуна жакпашы анык. ХХХХХ ХХХХХХ Жок дегенде көкүрөнүн жаап албаптыр. Сыягы киносундагы каарманынын образында келгенго сыягы.
+3
admin_superstan
2018-04-26 10:18:02
Jakai89,
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга жол берилбейт! Эскертүү сызыгыңыз толгондугуна байланыштуу түбөлүк БАНга!
0
Dinar.raiymjan
2018-04-26 09:35:00
ХХХХХХХХХХ Ошол силер жаман коргон аллас мн штапыл койноктор денени сто процент жабатХХХХХХХ!!?
+2
Dinar.raiymjan
2018-04-26 09:38:19
Штапыл мн алластан дагы сахнага кийчу кийимди тигип кийсе болот, болгону аны тиккенге Адам жок.. Бут баары Эвропага отуп кеткен. Жарым жыланач болуп.. ХХХХХХХХХХХ
+2
amirrus
2018-04-26 09:46:12
Аман эле болсун ХХХХХХХХХХ нормально кийинсе боло Эл алдына чыгып жаткандан кийин.
+2
admin_superstan
2018-04-26 10:15:59
amirrus, коомдук этиканы сактаңыз! Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат!
0
Bekulas
2018-04-26 10:08:25
Бир минуттук аза кутуу... Биз кыргыз ананда мусулманбызго... Ушу силер олгондода бир минут эле аза кутуп журушбосун.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан