Топ-Лига-2018: Бишкектик "Дордой" өз талаасында кочкор-аталык "Нефтчини" ута алган жок

Бүгүн, 25-апрелде футбол боюнча Өлкө биринчилиги Топ-Лиганын 5-турунун алкагында "Дордой" футболдук клубу кочкор-аталык "Нефтчи" менен беттешти.

"Дордой" спорт комплексинде орун алган беттеште командалар 2:2 эсеби менен тарашты. Эсеп саны 36-мүнөттө ачылды. Алишер Тухтасинов 11 метрлик сокку узатып, таамай болду. 2-таймда "Нефтчи" командасы эсепти 0:2 кылды, Тухтасиновдун 35 метр аралыктан дарбазанын алыскы бурчуна узатылган соккусун Валерий Кашуба тосуп алууга үлгүргөн жок. 74-мүнөттө Азиз Сыдыков эсетпи 1:2 кылса, беттештин соңуна 3 мүнөт калганда Эрнист Батырканов эсепти 2:2 кылып, оюнга чекит койду.

Муну менен 5 турдун жыйынтыгында бишкектик "Дордой" 9 упай топтоп, турнирдик жадыбалда 2-орунда жайгашууда. Ал эми кочкор-аталык "Нефтчи" 8 упай менен 3-орунда.

5-турдун оюндары 28-апрелде "Илбирс" - "Абдыш-Ата" жана "Алай" - "Алга" командаларынын беттеши менен уланып, 29-апрелде "Академия" - "Кара-Балта" беттеши менен жыйынтыкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
KAYRATBEK
2018-04-25 19:50:08
Ленинскийден Нефтичилерге салам.
Боготтон Нефтичилерге салам.
+2
King_Messi
2018-04-25 19:54:21
Нефтчи алгаа!!
+1
Edward.14
2018-04-25 20:20:10
Нефтчи азаматтар!!!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан