Бүгүн, 25-апрелде дүйнөнүн 211 өлкөсүндө эл аралык футбол жана достук күнү белгиленди. "Футбол - достук үчүн" ураанынын алдында өткөн эл аралык долбоорго Кыргыз өлкөсү да 3-ирет катышууда.
Аталган иш-чаранын алкагында дүйнөдө көптөгөн шаарларда ар түрдүү спорттук мелдештер, флешмобдор жана акциялар болуп өттү.
Бразилияда бул күнү долбоордун катышуучулары 27 Латин Америка өлкөлөрүнүн элчилерине атайын достук билериктерин тапшырышты. Алжирде болсо өспүрүмдөр биригип эң чоң футболдук аянтта тазалоо иштерин жүргүзүп, андан соң 2 жолдошттук беттеш өткөрүштү. Казакстанда эл аралык футбол күнү Казак футбол күнү менен бир күнгө туш келип, белгилүү "Кайрат" футболдук клубу ачык оюн өткөрдү. Оюнга спортчулар достук билериктерин тагынып чыгышты.
Ал эми Кыргыз жергесинде Мектеп лигасынын футзал боюнча оюндарынын алкагына "Футбол - достук үчүн" долбоорунун жаңы сезонуна өлкөнүн атынан катыша турган оюнчу аныкталды.
"Футбол - достук үчүн" долбоорунун символу болгон билерик жашыл жана көк түстө. Көк түс ачык асман бейпил жашоо болсо, жашыл түс футбол талаасынын түсү болуп эсептелет.
Бул долбоордун негизги максаты жаштарды башка улуттарды сыйлоого, башкаларды түшүнө билүүгө жана дени сак жашоого үндөө болуп эсептелет.