25-апрелде "Ош базарында" милиция кызматкерлери менен такси айдоочулардын ортосунда түшүнбөстүк орун алып, милиция ок чыгарды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окуянын күбөсү айтып берди.
"Жалал-Абадга жөнөп жаткан бир кишини белгисиз бир кыз "мени тоноду" дептир. Кыз "тоноду" деген убакта ал адам таксисттер жакта болгон экен, муну ошол жердеги таксисттер айтып жатышат. Кыз айткан убак башка, таксисттер айткан убак башка болуп чыгууда.
Ал кишини милиция салып кеткени жатканда эл алдын тосуп түшүнбөстүк жаралган. Жыйынтыгында милиция кызматкери менен бир жаран уруша кетип, милиция тапанчасын ал адамга такап, ал "ат, ат" деп кыйкырып, анан милиция асманга 3 жолу атты.
Эл топтолуп, милиция кызматкерлери да көбөйүп, жакалашып кетишти", - дейт окуянын күбөсү.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы "Ош базарында" ок атуу болгонун, учурда чоо-жайын тактап жатканын билдирди.