Бишкектин Махатма Ганди көчөсүнө белгисиз унаа жарым жылаңач кызды таштап кеткендиги боюнча билдирүү Бишкек ШИИББине келип түшкөн. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 25-апрель күнү саат 17:28де катталган.
"Окуя болгон жерге барган мобилдик батальондун кызматкерлери болжол менен саат 17:33төр чамасында барган. Анда арыздануучу кыз Кулиев жана Пушкин көчөсүнүн кесилишинде ага карата кылмыш иши болгонун айтып берип, окуя болгон жерден ага кылмыш ишин кылган адамды көрсөтүп берген. Мобилдик батальондун кызматкерлерин шектүүнү кармоо учурунда ал жердеги эркек кишилер курчап алышкан. Алар тергөө тобунун мыйзамдарына баш ийбей өз ара чыр чыгып, алардын ичинен бир жаран милиция кызматкеринин тапанчасын алууга аракет кылган. Мындан улам баш аламандыкты токтотуу үчүн мобилдик батальон асманга карата ок чыгарган", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Кечээ арыздануучу менен 42 жаштагы шектүү А.З. окуя болгон жерден Биринчи Май РИИБине алынып келген. Окуя катталган жерден тийиштүү документтер тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, учурда бул окуяны эки тараптуу иликтөө иши Ленин РИИБине тапшырылып берилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат деп кошумчалады маалымат катчы.
Эске салсак, 25-апрелде "Ош базарында" милиция кызматкерлери менен такси айдоочулардын ортосунда түшүнбөстүк орун алып, милиция ок чыгарган.