Талас облусунун Футбол федерациясы 3-7-июль күндөрү Бишкек шаарында өтө турган республикалык турнирге даярданып жатышат. Бул тууралуу облустун Футбол федерациясынын жетекчиси Айбек Сүйүнтбеков билдирди. Анын айтымында, аталган мелдеште бардык облустардан келген 1998-жылы туулган спортчулардан куралган командалар беттешет. Андан соң август айында Талас шаарында 1997-жылы туулган жаш футболчулар арасында дагы бир чоң республкалык мелдеш өтөт. “Учурда бул мелдештин бийик деңгээлде өтүүсүнө болгон даярдыктар күч”,- дейт жетекчи. Белгилей кетсек, Таластагы Футбол федерациясында бүгүнкү күндө 11 кызматкер иш алып барууда.