Бишкектеги соода борборлордун биринде эки жаран мушташа кетип, бири экинчисине бычак сайды. Бул окуя тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 25-апрелде саат 23:00дө болгон.
"Бишкек шаарынын тургуну бычактан алган жаракатынан улам ооруканага жаткырылды деген маалымат Октябрь РИИБине келип түшкөн. Окуя болгон жерге барып, ыкчам-тергөө тобу окуянын чоо-жайын аныктаган. Анда Бишкектеги соода борборлордун биринде иштеген эки кызматкер өз ара пикир келишпестиктерден улам мушташып кетишкен. Мындан улам бири экинчисинин курсагына бычак сайган. Жаракат алган жаран ооруканага жаткырылган. Топтолгон маалыматтардын негизинде Октябрь РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон. Ал эми кылмышка шектүү катары 20 жаштагы Ш.У. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп билдирди басма сөз кызматы.