Ошто жол кырсыгынан 42 жаштагы Өзбек жараны каза болду

Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Мээнет айылында жол кырсыгынан 42 жаштагы Өзбекстандын жараны каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 24-апрелде саат 10:00 чамасында болгон. Анда Ош шаарынын 24 жаштагы тургуну Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаасы менен жөө адамды сүзүп кеткен. Жабырлануучу алган оор жаракатынан улам окуя болгон жерден каза болгон. Кийинчерээк маркумдун аты-жөнү такталып, 42 жаштагы Өзбек жараны экени аныкталган.

Шектүүнүн унаасы айып аянтчасына токтотулуп, учурда тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Azatbek.Svoboda.
2018-04-26 21:10:50
Бир Бир 1:1 Булар биздикилер ди ит аткандай эле атып салышты го!
-1
abon
2018-04-27 10:07:12
Azatbek.Svoboda., кечиресиз, мындай ой жугуртпонуз эч качан, бир бир болду, эки бир болду деп, Адам омуру кыйылып жатат, балким ал сиздин жакыныныз болуусу да мумкун (жаман жазсам кечирим сурайм)
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан