ЖЫЛНААМА, 26-АПРЕЛЬ: Голливудду багындырган кытайлык актёр Жет Ли 55 жашка чыкты

Кытайлык актёр Жет Ли 1963-жылы 26-апрелде Пекин шаарында туулган. Ал 8 жашка чыкканда классы менен чогуу ушу сабагына катыша баштаган. Жарым жылдан кийин мектепти таштап, Пекиндеги ушу академиясына тапшырган. Үч жыл ичинде спорттун бул түрүндө такшалууга жетишип, Пекин курама командасына кабыл алынат. Ал эми кийинки жылы балдар арасындагы күрөштөн жана дао кылычтары менен согушуудан биринчиликти багындырып, 11 жаштагы Ли бул тармакта бүткүл Кытай Эл Республикасынын чемпиону аталат. 1974-жылы өзү машыккан спорттун түрү менен Кытай элинин намысын коргоо үчүн дүйнө­лүк таймашка аттанган. Биринчи сапары жемиштүү болуп, башкы орунду ээлеген жана ошол кездеги АКШнын президенти Ричард Никсондун өз колунан сыйлык алып кайткан.

Дал ушул көрүнүштөн соң жаш Жет Лиге тасмага тартылуу боюнча сунуш түшөт. "Режиссёрлор мени 2-Брюс Ли кылабыз деп убада беришкен" деп эскерет актёр. Ошентип алгачкы жолу анын катышуусундагы "Шаолинь чиркөөсү" деген тасма 1982-жылы жарыкка чыгат. Анын чеберчилиги тууралуу маалымат алыска жетип, киного тартылуу үчүн түшкөн сунуштардын аягы тыйылбай баштайт.

Өз мекенинде жана жалпы эле Азия өлкөлөрүндө жыйырма бештен ашык тасмаларда роль жараткан соң Жет Ли дүйнөнү багындыруу максатында Голливудга сапар алат. 1998-жылы актёрдун катышуусунда англис тилиндеги "Өлүм куралы-4" деп аталган жаңы тасма жарыкка чыгат. Андан көп узабай эле АКШнын белгилүү режиссёрлорунан жаңы тасмаларга тартылуу сунуштары түшө баштаган. Жыйынтыгында, "Ромео өлүшү керек", "Ажыдаардын өпкөнү", "Бешиктен чыгып мүрзөгө" деген сыяктуу белгилүү кинолор жаралган. Жет Ли Кытай киноактёрлорунун арасында эң көп гонорар алган тажрыйбалуу аткаруучу катары да таанымал болгон. 13 миллион долларды түзгөн бул рекордду актёр "Полк башчылары" фильминдеги ролу үчүн алган.
Актёр алгачкы жолу 1987-жылы кытайлык спортчу кыз Хуан Цюянга баш кошот. Ал экөө "Шаолинь чиркөөсү" тасмасына чогуу тартылып, 4 жылдан соң 2 кыздуу болгондо ажырашып кетишкен. 1999-жылы экинчи ирет үйлөнөт. Бул жолку анын тандоосу гонконгдук актриса Нина Ли Чи болгон. Учурда жубайлар 2 баланы тарбиялашууда.
Жубайы Нина Ли Чи менен
2004-жылы актёрдун өлүмү боюнча маалымат тараган. Анда Жет Ли кызы менен Мальдив аралдарында эс алып жүрүп, жер титирөөдөн улам пайда болгон цунаминин алдында калган делген. Бирок кийин ал аман калып, болгону кызын куткарып жатып бутунан жаракат алгандыгы тастыкталган.
26-апрелдин жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Kunbeken
2018-04-26 19:34:48
мен суйгон актер, мен баалаган инсан
+5
Ajara_13
2018-04-26 19:59:10
Kunbeken,++
+2
Kukuwa
2018-04-26 22:02:10
Красавчик джет ли!!!! Карып калыптыр кичине
+2
sara90
2018-04-27 09:15:25
жакшы адамдар коп жашаш керек,олбой тур
0
saltanat.
2018-04-27 22:40:33
Жаш экен дагы тиги шварц вандамга караганда, алар деле картайганын билбей дагыле тартылып жүрүшөт го киного, мен сүйөм го жетлини)))
0
ularbek89
2018-09-17 16:59:18
Ассалам алейкум
админ Джет Ли оорудан улам олду деп [moderated]та журду элего
так маалымат берип коюнуздарчы актердун олуму тууралуу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан