Кыргыз баскетболчулар стритбол боюнча Азия Кубогуна катышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын баскетбол федерациясынын башкы катчысы Евгений Пехов билдирди.
Анын айтымында, аталган мелдеш Кытайдын Шэньчжэнь шаарында 27-апрелден 2-майга чейин өтүп, 12 курама команданын катышуусу күтүлүүдө. Командалар 4 тайпага бөлүнүп, Кыргыз курамасы "В" тайпасында жайгашкан. Кыргыз баскетболчулар тайпалык баскычта Кытай курамасы менен жана тандап алуу турунун жеңүүчүсү менен беттешет. Кыргыз курамасынын тизмесине 4 спортчу кирген.
Кыргыз курама командасынын атаандаштары:
Кыргыз курама командасынын тизмеси:
Шакиржан Куранбаев - спорт чебери;
Дмитрий Данышин - спорт чебери;
Евгений Пехов - спорт чеберине талапкер;
Нуртай Субанбеков - спорт чеберине талапкер.