Бүгүн, 26-апрелде милицияга Борбордук Азиядагы Америка университетине жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу билдирүү келип түштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн саат 13:27 чамасында А.Токомбаев көчөсүндө жайгашкан Борбордук Азиядагы Америка университетине бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Учурда мекеме ИИМдин кызматкерлери тарабынан толугу менен курчоого алынып, имараттын ичиндеги элдин баары сыртка чыгарылган. Азыркы тапта сапёрлор менен окуу жайдын ичинде издөө иштери жүрүүдө", - деди басма сөз катчы.