Көк бөрү боюнча мелдештин финалында "Сары-Өзөн" менен "Бакубат-Талас" командалары кездешет

Бүгүн, 26-апрелде борбор калаадагы "Аккула" ат майданында Бишкек шаарынын 140 жылдыгына арналган көк бөрү боюнча мелдештин жарым финалдык беттештери орун алды.

Анда жарым финалдын алгачкы беттешинде Чүйдүн "Сары-Өзөн" командасы менен бишкектик "Арашан" командасы кез келди. Беттештин жыйынтыгында "Сары-Өзөн" командасы атаандашынын тай казанына 6 улак таштаса, "Арашан" командасы 2 улак гана таштай алды.

Күндүн 2-беттешинде "Бакубат-Талас" командасы менен Оштун "Көлдүк" командасы кез келди. Беттештин соңунда таластык улакчылар атаандашынын тай казанына жоопсуз 7 улак таштап, 7:0 эсеби менен жеңишке жетти.

Муну менен "Сары-Өзөн" менен "Бакубат-Талас" командалары 1-орун үчүн беттешсе, "Арашан" менен "Көлдүк" командалары 3-орун үчүн беттешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
MEDER_KULETOV
2018-04-26 17:04:11
Алга Талас
+1
haydarkan
2018-04-26 17:05:33
Волейбол боюнча кыргызстан не болду супер инфо маалымат берип койгулачы
0
FCB14
2018-04-26 17:12:01
haydarkan,женилсе керек да что
0
admin_superstan
2018-04-26 18:08:56
haydarkan,
Саламатсызбы! https://www.super.kg/kabar/news/229611/
0
aiba.8327
2018-04-26 17:05:56
Суусамыр барбы алга .....
+1
FCB14
2018-04-26 23:14:00
aiba.8327,жок
0
bayhan
2018-04-26 17:25:43
Сары-Өзөн алга, ийгилик жигиттерге.
+1
ere
2018-04-27 09:31:49
Колдук ийгилик.
0
admin_superstan
2018-04-27 11:17:34
FCB14,
Салдаматсызбы! Билдирүүлөрүңүз жогору жакта жазылып турат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан