Кечээ, 25-апрелде Баткен облусунун Кадамжай районундагы "Чечме" чек ара өткөрүү бекетинен сиңдисинин паспорту менен Өзбекстанга өтүүгө аракет кылган аял кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кармалган адам 36 жаштагы А.С. аттуу Орусиянын жараны болгон.
"Шектүү өткөрмө бекеттин документтерди текшерген жеринде 35 жаштагы А.С. аттуу Кыргыз жаранынын паспортун көрсөткөн. Чек ара кызматкерлеринин күмөн саноосу документтеги сүрөт менен жарандын окшошпогондугунан улам жаралган. Сурак учурунда А.С. тынчсызданып, өзүнүн кол тамгасын кайталап коё албай койгон. Кийин сиңдисинин паспортун алганын, алар окшош экенин айткан. Ошондой эле ал Өзбекстандын Сох районундагы ооруканага бара жатканын билдирген", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тийиштүү документтер толтурулуп, шектүү ИИМдин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.