Аламүдүн районундагы жол кырсыгынан бир айым каза болду

Аламүдүн районундагы жол кырсыгынан бир айым каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Окуя 19-июнда саат 6:00 чамасында Бишкек-Торугарт жолунда болгон. 26 жаштагы Александровка айылынын тургуну Рахима Д. Мазда 626 үлгүсүндөгү унаасын башкара албай калып, унаа аңтарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 26 жаштагы жүргүнчү Фарида М. окуя болгон жерде жан берген. Ал эми дагы бир жүргүнчү жана айдоочу ооруканага жеткирилген. Учурда бул окуя боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан