Кыргыз мушкер бокс боюнча Азия чемпиондугунда коло медалдын ээси болду

Кыргыз мушкер бокс боюнча өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунда коло медалдын ээси болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын бокс федерациясынан билдиришти.

Таиланддын Бангкок шаарында өткөн мелдеште жалпы 30 өлкөдөн барган 200дөн ашуун спортчу 20 салмак ченинде күч сынашууда. Ага Кыргыз өлкөсүнөн машыктыруучу Кенжебек Акелбаевдин баштоосунда 7 спортчу катышты.

Алардын ичинен 69 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Нурадин Рустамбек уулу жарым чейрек финалда ирандык мушкерди жеңип, чейрек финалда малайзиялык мушкерди утуп, жарым финалга өтө алды. Жарым финалдык баскычта мекендешибиз таиланддык мушкер менен беттешти. 3 раунддун жыйынтыгында таиланддык мушкер калыстардын бирдей чечими менен жеңишке жетип, финалга өттү. Ал эми Нурадин Рустамбек уулу бул көрсөткүчү менен коло медалды тагынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zarlyk2211
2018-04-27 04:15:43
Азаматсын!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан