Кончита Вурст айымдын образынан баш тартып, кайра эркекке айланды

“Евровидение” сынагынын жеңүүчүсү, ырчы Кончита Вурст айымдын образынан баш тартты. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышкан.

Маалыматка ылайык, учурда ал эркектердин кийимин кийип жүргөн ыңгайлуу болуп жатканын билдирген. Көптөн бери көйнөк кийбей калган Кончита Вурст “көйнөк кийгенден тажадым. Учурда мен кадимки эле Томго окшошкум келип турат” деген.

Белгилей кетсек, австриялык ырчы Том Нойвирт Кончита Вурст деген каймана ат менен сакалчан айымдын образында сахнага чыккан. Ал Копенгаген шаарында өткөн “Евровидение-2014” сынагына катышып, жеңүүчү аталган. Ошондой эле Том Нойвирт Кончита Вурст деген образы ага ийгилик алып келгенин жашырган эмес.

Эске салсак, 2017-жылы Том Нойвирт коомчулукка өзүндө СПИД оорусунун вирусу болушу мүмкүн экенин ачыктаган. Ал мындай кадамга өнөктөшү анын дартын элге ачыктайм деп коркутканынан улам айтканга мажбур болгон.

Ырчы Кончита Вурст “сакалчан аял” образынан баш тартты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Elmira8084
2018-04-27 10:50:43
Аял болуу оной эмес!
+2
karakulja
2018-04-27 10:56:57
Акыркы замандын Шайтаны
+23
Nevestkaa
2018-04-27 11:19:04
Ырааңысуук.
+13
Nurmat92
2018-04-27 11:37:38
Жин шайтандар деле коркот го мунун кебетесин көрсө. Сакалчан эжени өңүмдө эмес түшүмдө да көрбөйм го десем түшүмдө эмес өңүмдө көрдүм го
+13
Zainidin96
2018-04-27 11:46:28
Окшош екен
+1
portugalia
2018-04-27 12:10:32
Клоун
+2
jaskaaa
2018-04-27 12:35:34
Өзү жакшынакай эле жигит. Аял болуп не азап болду.
+1
asdef
2018-04-27 12:44:34
Эркек болуу аста аста аял болуш бир паста))))
+6
Paprikafm
2018-04-27 13:23:50
Кана эркектик суроту
+2
abon
2018-04-27 14:41:46
эркек эркектеей болсо деймда, эркекче кийинип, суйлоп, журум турумун эркекче кылсаа жакшы, мейли кыздар мн жур, досторун менен жырга, эркек болгонго эмне жетсин!!!
+3
Maks1
2018-04-27 16:14:53
Стилин өзгөрткөнү менен ал жынысын дагы өзгөртүп атабы ошол жагы кызык болуп атат.
+2
surgeon777
2018-04-27 22:41:32
Maks1,жынысы эркек эле,образы,кийими эле аялдыкы болчу.
+1
Nurik-88
2018-04-27 19:13:39
Спид да ошол гейледе коп болот да ошолордон жуктурган го
+4
Hotinhere123
2018-04-28 02:07:11
СПИД эмес ВИЧ деп журот го орустардын сайттарында.эркек эркектей эле болгону жакшы.аял болуп атак данкка жетип алыптыр да)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан