Кыргыз спортчу Заир Марасулов жиу-житсу боюнча Дүйнө чемпиону аталды. Бул тууралуу маалымат жиу-житсу боюнча эл аралык федерациясынын расмий сайтында жарыяланган.
Маалыматка ылайык, Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз өлкөсүнөн 4 спортчу катышкан. Алардын ичинен Заир Марасулов финалга чейин жетип чемпиондукту камсыздаган.
85 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Марасулов алгачкы беттеште азербайжандык спортчуну жеңип, чейрек финалда Бириккен Араб Эмираттарынын спортчусун утуп, жарым финалда Сауд Аравиянын спортчусу Хуссаму Бухарининин үстүнөн жеңишке жеткен. Финалдык беттеште Заир Марасулов испаниялык Хорхе Кубриа менен беттешип, упайлар боюнча 4:0 эсебинде жеңип алды. Муну менен Заир Марасулов алтын медалды тагынып, Дүйнө чемпиону аталды.