Кыргыз балбандар Казакстанда өтө турган эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, мелдеш Актау шаарында 4-6-май аралыгында өтөт. Олимпиада чемпиону Жакшылык Үчкемпировдун байгелерине арналган грек-рим күрөшү боюнча мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн 4 спортчу катышат.
Кыргыз курама командасынын тизмеси:
55 килограммга чейинки салмак ченинде: Азамат Боронов - спорт чеберине талапкер;
60 килограммга чейинки салмак ченинде: Таластан Канжарбек уулу - спорт чеберине талапкер;
67 килограммга чейинки салмак ченинде: Халмурат Ибрагимов - спорт чебери;
77 килограммга чейинки салмак ченинде: Темирлан Бектурдиев - спорт чеберине талапкер;
Ага машыктыруучу: Шукрат Ушуров.