Жалал-Абад шаарында сойку кыздарды иштетип жана сойкукана уюштурган деп айыпталып эки аял кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 26-апрелде саат 18:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын Москва көчөсүндөгү эски тамеки заводунун имаратында жайгашкан саунадан Клара жана Жылдыз аттуу эки сутенёр аял кармалган. Алар сойку кыздарды иштетүүчү атайын жайларды уюштуруп бергени аныкталган.
"Бул фактылар Жалал-Абад ОИИБине катталып, жетекчиликтин көрсөтмөсү менен тергөө кызматына тапшырылды. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштуруу же күтүү) менен кылмыш иши козголду. Кармалган жарандардын бири - Клара аттуу Жалал-Абад шаарынын 41 жаштагы тургуну. Ал эски тамеки заводунун имаратында жайгашкан саунада администратор болуп иштеп келген. Кармалгандардын экинчиси - Жылдыз аттуу Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун 34 жаштагы тургуну. Учурда аталган кылмыш иши боюнча Жалал-Абад ОИИБи тарабынан тергөө амалдары улантылууда", - деп билдирет басма сөз кызматынан.