Волейбол боюнча Азия чемпиондугу: Кыргыз курама командасы коло медалга ээ болду

Бүгүн, 27-апрелде Бангладеште өтүп жаткан волейбол боюнча "Борбордук зона" чөлкөмүндөгү Азия чемпиондугунда Кыргыз курама командасы 3-орунду ээлеп, коло медалга ээ болду.

Дакка шаарында өтүп жаткан Азия биринчилигинде 3-орун үчүн Кыргыз курама командасы Непал командасы менен беттешти. Беттештин жүрүшүндө Кыргыз курама командасы 3 бөлүктө тең 25:20, 25:22, 25:20 эсебинде жеңишке жетип коло медалдын ээси болду.

Эске салсак, Кыргыз курама командасы жарым финалдык баскычта Бангладеш курамасы менен кез келген. Анда беттеш 5-бөлүккө чейин созулуп, тай брейкте Бангладеш курамасы 15:13 эсеби менен жеңишти илип кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bek-94
2018-04-27 12:02:12
красавчикттер
+3
azabraza
2018-04-27 12:07:00
Азаматсынар жигиттер алга кыргыз алга
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан