Бүгүн, 27-апрелде борбор калаадагы "Аккула" ат майданында Бишкек шаарынын 140 жылдыгына арналган көк бөрү боюнча мелдеште Оштун "Көлдүк" командасы коло медалга ээ болду.
3-орун үчүн өткөрүлгөн беттеште Оштун "Көлдүк" командасы бишкектик "Арашан" менен беттешти. Кызуу беттештин жыйынтыгында "Көлдүк" командасынын улакчылары атаандашынын тай казанына 3 улак таштаса, "Арашан" командасы 2 улак таштады. Муну менен "Көлдүк" командасы 3:2 эсебинде жеңишке жетип, коло медалды багындырды.
Айта кетсек, мелдештин финалы эртең, 28-апрелде орун алып, анда "Сары-Өзөн" менен "Бакубат-Талас" командалары беттешет.