Санкт-Петербургда 22-23-ноябрь күндөрү Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган маданий иш-чаралар өтөт

22-23-ноябрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында “Чыңгыз Айтматовдун жери” аттуу сүрөт көргөзмө өтөт. Ошол эле учурда “Чыңгыз Айтматовдун дүйнөсү: маданий интеграция жана баарлашуу” аттуу Эл аралык конференция башталат. Конференцияда “Айтматов Орус улуттук китепканасынын фондунда” аталышында китеп көргөзмөсү болсо, мындан сырткары жазуучуга байланыштуу документалдык тасма көрсөтүлөт. Ошондой эле улуу жазуучунун колодон жасалган бюстунун ачылыш аземи болот. Конференцияга КМШ өлкөлөрүнөн келген чыгармачыл интеллегенциянын өкүлдөрү жана жазуучунун бир тууган карындашы Роза Айтматова катышат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан