УКМК: "Бишкек Парк" соода борборунда жардыруучу затты издөө иштери жүрүүдө"

Борбордогу "Бишкек Парк" соода борборунда жардыруучу затты издөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, билдирүү бүгүн, 27-апрелде саат 13:30дар чамасында түшкөн. Окуя болгон жерге ИИМ жана УКМКнын кызматкерлери барган. Учурда имарат толук курчоого алынып, соода борборунун кызматкерлери менен кардарлар сыртка чыгарылган.

Мындан сырткары, "Бишкек Парктын" ичинде жарылуучу затты издөө иштери жүрүп жатат. Учурда билдирүү калтырган белгисиз жаран тууралуу да маалыматтар жана анын аты-жөнүн тактоо иштери жүрүүдө.

Айта кетсек, буга чейин "Бишкек шаарындагы "Бишкек Парк" соода борборунда бомба бар деп ичиндеги адамдарды эвакуациялап жатышат" деп окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө кабарлаган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Tima0304
2018-04-27 14:48:29
Суроттогу кучук менен бомбаны издейт окшойт
+3
Ermekbai
2018-04-27 15:10:40
Бироо жарим ойноп кабар берип койбодубу экен аа
-1
dastan.bujun
2018-04-27 15:48:16
демек саясатта бугун башка чоон иш болот.албетте элге жакпаган
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан