Ош шаарында саунада сойкукана уюштурган деп 52 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Ош шаарынын аймагында сойкулар үчүн уюштурулган көмүскө жайларды аныктоо иштери жүрүп жатат.
"Оштун Раззаков көчөсүндө жайгашкан саунадан Лола аттуу 52 жаштагы администратор кармалды. Ал саунада жашыруун түрдө сойкулук менен алектенгендерге жай уюштуруп жүргөндүгү аныкталды. Учурда шектүү аялга карата кылмыш иши козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ошондой эле көмүскө жайларды текшерүү, алардын уюштуруучуларын жоопко тартуу аракеттери улантылып жатат", - дешти шаардык милициядан.