"Бишкек Паркта" бомба табылган жок

Бишкек шаарындагы "Бишкек Парк" соода борборунда бомба табылган жок. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 27-апрелде саат 13:30 чамасында милицияга "Бишкек Парк" соода борборунда жарылуучу зат коюлду деген маалымат келип түшкөн. Имарат жана ага жанаша жайгашкан турак жайлар текшерилип, жыйынтыгында кандайдыр бир шектүү буюмдар жана жардыруучу заттар табылган эмес.

"Учурда оюн-зоок борбору мурунку калыбында иштеп, милиция кызматкерлери курчоодон алынган. УКМК учурда телефон чалган адамды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш чараларын улантууда", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Борбордогу "Бишкек Парк" соода борборунда жардыруучу зат коюлду деп милицияга билдирүү келип түшкөн. Натыйжада мекеме курчоого алынып, издөө иштери жүрүп жатканы айтылган.

Эске салсак, кечээ, 26-мартта Борбордук Азиядагы Америка университетине жарылуучу зат коюлду деген маалымат келип түшкөн. Бирок ал билдирүү да калп болуп чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Zidan1
2018-04-27 17:45:24
Бишкек парктын ичинде
Кийим кийип жаткам,пожар десе коркуп чуркап чыксам , милициялар журот
0
Shekeev969798
2018-04-28 01:46:45
Zidan1,Булар элди алдап атат Бул жерде бар
ал жерге койулду деп! анан эч ким ишенбей калганда бомм
0
bayhan
2018-04-27 17:48:03
Жакшы болуптур, табылбай эле, коюлбай эле койсун, тынч бакуубат жашоодо жашайлычы.
+4
Baiaman997
2018-04-27 18:15:37
Негизи,Ардайым табылбай турган бомба изделет)
+2
tilek1997
2018-04-27 21:47:46
кабарлаган адамды таап турмонун тубундо чиритсе да аздык кылат.



0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан