"Президенттин оң колумун" деп министрлерден акча талап кылган окуя тууралуу айрым маалымат булактары жазып чыгышты. Анда президенттин жардамчысымын деген белгисиз жаран "кресло үчүн ыраазычылык билдиришиңер керек" деп бир нече мекеменин башчыларына телефон чалган. Ал мындай жол менен чиновниктерден 150 доллардан алганы айтылат.
Бул факты боюнча Бишкек ШИИББи тарабынан кылмыш иши козголду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бул окуя боюнча 25 жаштагы К.А. аттуу жаран кармалды. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүүдө", - деп билдирет шаардык милиция.