Кара-Кулжада жол кырсыгынан 8 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өкүлү Алтынбек Теңизбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 27-апрелде саат 16:30 чамасында Кара-Кулжа районунун Калинин айылында болгон. Анда жол четинде ойноп жаткан 2 жеткинчекти унаа сүзүп кеткен.
"Жол кырсыгына шектүү катары 52 жаштагы ошол эле айылдын тургуну кармалган. Ал "Ваз-2107" үлгүсүндөгү унаасы менен жолдун четинде ойноп жаткан 8 жана 9 жаштагы балдарды сүзүп кеткен. Анын кесепетинен 8 жаштагы бала окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми 9 жаштагы бала Кара-Кулжа районунун аймактык ооруканасына жеткирилген", - деди Алтынбек Теңизбаев.
Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, ага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө. Ал эми унаа айып короосуна токтотулду.