Ырчы Анжелика жол кырсыгынан аман калды

Бүгүн, 27-апрелде ырчы, алпаруучу жана актриса Анжелика Бекболиева Бишкек-Ош жолунда бир кырсыктан аман калды. Бул тууралуу ырчы айым социалдык тармактагы жеке баракчасына: "Кудай сактады. Жол кырсыгынан эч ким алдын ала сактана албайт экен", - деген билдирүү калтырган. Сырдуу билдирүүсү тууралуу Анжелика айым SUPER.KG порталына маалымат берди.

"Бүгүн Ош шаарынан борбор калаага келе жатып айдоочунун уйкусу келип, көзү жумулуп кетти. Кудай сактап, бир кырсыктан аман калдык. Бул окуядан кийин айдоочу экөөбүз унааны алмашып айдап, Бишкекке жетип алдык. Айдоочулар жөндөп деле эс алышпайт. Ошондон улам узак жолго чыкканда көздөрү жумулуп кетет. Ушул нерсени тиешелүү тарап карап, бир чечим чыгарса жакшы болмок", - дейт ал.

Ошондой эле ырчы Ош шаарындагы концертке кызуу даярданып жатканын айтты.

"Концертке байланыштуу ушул күнү аба каттам менен эмес, унаа менен сапарга чыгууга туура келген. Зарыл ишим болбосо шашылбайт элем", - деп кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
muslim87
2018-04-27 22:31:09
Булар жаны чыгып баратса да сүрөткө тартып кой элге жариялап алайын дейт көрүнөт. Астахфируллах Астахфируллах.
+20
dinar-87
2018-04-27 22:39:49
Пиарга эчтеке калбай айдоочу козу илинип кетти де Эми .
+18
Zainidin96
2018-04-27 22:44:42
Бироого сын такпай озунорду кузгудон бир карап алсанар боло силерде да болуп калышы мумкун тооба десенер боло кудай ай адамдар эмнеле болуп баратабыз
+2
Begaiko
2018-04-27 22:52:33
Уктап кеткендерге эмес башкаларга алы жетпей атат чондордун
+6
Zulya2
2018-04-27 23:49:58
Анжелика кырсык айланып отсун, сен балдардын энесисин ошон учун эне ыйык деп коет , кудай сактаптыр, Аман бол ...
+6
bond02
2018-04-28 01:51:48
пхахаха зарыл ишим чыгып аба каттамында эмес таксиде келдим эле дейт го.
+4
madina.87
2018-04-28 03:54:05
Кырсыктан аман калыптырсын,бул да болсо Аллах Тааламан сага берилген бир белги деп бил да,шайтандын ишин азыраак жаса.
Мумкун болсо аяталь курсун жатка билесин элего,намаз оку
+3
asdef
2018-04-28 07:05:39
Тиешелуу тарак кандай чечим чыгармак?Айдоочулардун жанында уктатпай турган бироону олтургузуп коюш керек экен да кофе софе берип алаксыта турган чечим чыгарыш керекпи
+2
-Sumitra-
2018-04-28 11:38:31
Уффф Анжеликаны тынч койгулачы!Кудай сактаптыр!Аман эле болчу ылайым! Кырсыктан аман калган адамга да пиар деп жазгандан уялбайсынарбы?!
0
nurbekasr
2018-04-28 14:03:59
Аман калса аман калыптыр да,түлөө өткөз ар жерге жарыя кылбай.Эми ошону деле пиарить этип жаза бериш керек беле,туалетте жоон чычканыңды да жаза бергиле анда.
+3
nurbekasr
2018-04-28 14:04:38
Срочно иштер чыгып таксиге чыктым дегени эмнеси.
+2
NeRiNa
2018-04-28 15:47:37
Мумкун аба каттамына билет жок такси менен кетууго мажбур болгон.
-2
amirrus
2018-04-28 19:05:34
кудай сактасын кырсык каш кабактын ортосунда дейт...Анан бул ырчы эле жылдыз эле дебейт реклама кылбай жакшы туз,таза журсон, анча мынча зекет берип кудай сактайт.Анан ушуну айтыштын кереги бар деле???
+1
Janna07
2018-04-28 20:29:20
Мен чындыгында ушул ырчыны ыры менен эмес чыры, пиары менен эле тааныдым. Просто кыжырды келтирет ошол.
0
suban78
2018-04-28 21:44:36
Омурун узун болот экен. Бактылуу, узак омур каалайм. Красавица.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан