Кытайда окуучуларга кол салуу болуп, 9 адам каза болду

Кытайдын Шэньси провинциясында мектептен чыгып бараткан окуучуларга белгисиз адам бычак менен кол салды. Алган жаракатынан улам 9 окуучу каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Буга чейин 7 окуучу окуядан каза болгону айтылып, 12 окуучу ооруканага жеткирилгени кабарланган. Кийин жабыркагандардын арасынан эки окуучу каза болгону айтылган.

Окуучуларга кол салуу жума күнү кечки саат 18:10 чамасында болгон. Анда окуучулар мектептен чыгып бараткан учурда белгисиз адам бычак менен кол салган.

Окуучуларга кол салган жаран окуя болгон жерден кармалган. Сурак учурунда кылмышкердин өздүгү такталып, анын 1990-жылы туулгандыгы тастыкталган. Ошондой эле ал мурда ошол эле мектепте окуганы аныкталган. Сурак учурунда кылмышкер өзүнүн окуучу кезиндеги классташтары тарабынан басмырлоолор, шылдыңдоолор көп болгонун, ошол себептен ушундай жол менен өч алууну көздөгөнүн айткан.

Учурда укук коргоо органдары иликтөө иштерин улантууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
engel
2018-04-28 13:16:10
Иии байкуштар кичинекей окуучулар го. Чонураак болсо баса калышмак го
+1
aslan_akjol89
2018-04-28 21:55:20
engel,кичинекей экенин каяктан билдин?
0
dinara7684
2018-04-29 15:56:14
Эми кытайлар адам жегенге откон окшойт го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан