Бишкекте алгачкы жолу дүйнөлүк балет жылдыздары концерт тартуулашат

Бүгүн, 28-апрелде Бишкек шаарындагы А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында алгачкы жолу балет боюнча дүйнө жылдыздары концерт коюшат. Бул тууралуу балет бийчиси Марат Сыдыков маалымат таратты.

Белгилүү болгондой, концертте Москванын "Чоң Театрынын", Миландагы "Ла Скала", Швециянын "Падышалык опера", Англиянын "Улуттук балет" жана башка дүйнөнүн бир топ белгилүү театрларынын артисттери өз өнөрлөрүн тартуулашат.

"Концерттен түшкөн каражат Кыргыз балетинин флагманы катары эсептелген "Чолпон" балетин жаңылап аткарууга жумшалат. Бул балет Ленин премиясынын лауреаты, 1958-жылы Орусиянын театрында көрсөтүлгөн алгачкы жана жалгыз балет катары саналат. Мындан улам муну жаңылап аткарып, өлкөбүздөгү театрлардан байма-бай коюп туруубуз кажет", - дейт Сыдыков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан