Бүгүн, 28-апрелде футбол боюнча Өлкө биринчилиги Топ-Лиганын 5-турунун беттештери орун алат.
"Илбирс" (Бишкек) - "Абдыш-Ата" (Кант)
Стадион "Футбол борбору", Бишкек шаары.
Башталышы саат 16:00дө.
Анда Бишкек шаарындагы футбол борборунун талаасында быйылкы сезондо жаңы түзүлгөн "Илбирс" командасы Кант шаарынын "Абдыш-Ата" командасын кабыл алат.
"Илбирс" 4 турдун жыйынтыгында 6 упай менен турнирдик жадыбалда 6-орунду ээлеп келе жатат. Ал эми Канттын "Абдыш-Ата" командасы 4 беттештин жыйынтыгында 6 упай менен 5-орунда жайгашкан.
"Алай" (Ош) - "Алга" (Бишкек)
Стадион: "Ахматбек Сүйүнбаев", Ош шаары.
Башталышы саат 16:00дө.
Ош шаарындагы Ахматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондо жергиликтүү "Алай" командасы бишкектик "Алганы" кабыл алат. "Алай" командасы 4 турдун жыйынтыгында 10 упай менен 1-орунда жайгашууда. Ал эми бишкектик команда 6 упай менен 4-орунда жайгашты.