Өлкө боюнча бир сутканын ичинде 8 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы билдирди.
Маалым болгондой, Бишкек шаары жана Чүй облусунда экиден өрт кырсыгы катталса, Ош, Талас, Нарын жана Жалал-Абадда бирден өрт чыккан.
"Жал кичи районундагы үйлөрдүн биринде электр зымдары күйүп кетип, тилсиз жоого жеткирсе, Кара-Жыгачта үйдүн уктоочу бөлмөсүнөн өрт чыккан. Ошондой эле Кызыл-Арык айылында чөп өрттөнүп кеткен", - дейт басма сөз катчы.
Алдын ала маалыматтар боюнча, өрттөн жабыр тарткандар болгон эмес.