Бишкектин четиндеги айланма жолдо айдоочу бир адамды сүзүп өлтүрүп, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 28-апрелде таңкы саат 4:30дар чамасында болгон.
"Жол кырсыгынан жабыркаган жаран окуя болгон жерден каза болгон. Учурда анын өздүгүн тактоо иштери жүрүүдө. Ал эми из жашырып кеткен айдоочуну колго түшүрүү планы жарыяланып, издөө иштери уланууда", - деп билдирди басма сөз кызматы.