"АВВА" тобу 35 жылдан кийин жаңы чыгарма жаздырды

Швециянын популярдуу "АВВА" тобу 35 жылдан бери жаңы чыгарма жараткан эмес. Жакында эле аталган топтун ырчылары кайрадан чогулуп, 2 жаңы чыгарма жаздырды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Аталган топтун мүчөлөрү "Биз 35 жылдан кийин студияга кайтып келип, жаңы ыр жаздырдык. Бул жакшы саамалык." деп билдирген. "АВВА" тобунун күйөрмандары жаңы чыгарманы качан уга турганы азырынча белгисиз.

Ал эми топтун мүчөсү Горел Хансер "Жаңы чыгармабыз деле мурункудай ыргакта жазылды" деп билдирген.

Белгилей кетсек, "АВВА" тобу 1972-жылы негизделген. 1974-жылы "Евровидение" сынагына катышып, жеңүүчү аталган. Топтун репертуарындагы айрым ырлар хитке айланган. Мисалы, "Жаңы жылыңыз менен" ("Happy New Year") чыгармасы "алтын сингл" деп табылып, бүгүнкү күндө да популярдуулугун жоготпой келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Chagylgan1
2018-04-28 15:47:12
Жакшы саамалык экен...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан