Башкы прокуратура: "Оштогу кургак учукка каршы күрөшүү кызматынын эсепчиси 4 миллион 694 миң сом акчаны мыйзамсыз өздөштүрүп алган"

Ош облусундагы кургак учукка каршы күрөшүү борборунун кызматкерлери каражаттарды мыйзамсыз өздөштүрүп алган факт боюнча Ош облустук прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 171-берене (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу), 304-берене (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 315-берене (Кызматтык жасалмачылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Анда Ош облусундагы кургак учукка каршы күрөшүү борборунун башкы эсепчиси А.У. бюджеттик каражаттарды чыгарып кетүү үчүн фиктивдүү ОсОО түзүп, жасалма жол менен зарыл болгон документтерди оорукананын муктаждыктарына деп ОсООнун эсебине каражаттарды которуп келген. Жыйынтыгында мыйзамсыз өздөштүрүлгөн каражаттын көлөмү 4 миллион 694 миң сомду түзгөн. Учурда окуя боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Ruslan4458
2018-04-28 16:26:23
Мына сага акчалар кайда кетип баратат камагыла
+4
kg_emilbekov
2018-04-28 16:27:12
ана сага эми соке акам поюзунду келтиретго
+7
nurbekasr
2018-04-28 16:33:35
Кысталактар десе,ушуга окшогондордун айынан өнүкбөй жатабыз да.Текшергиле дагы көп жегичтер чыгат.
+4
nurbekasr
2018-04-28 16:55:04
Ошто катуу авто авария болду жазбайсыңарбы.Гелик менен камри сүзүшүп,гелик камрини сүзуп өтүп,ФРУНЗЕ гипермаркетинин алдындакы электро столбаны түбүнөн жулуп эки метрге чейин сүйрөп кетти.Азыркы маалда Фрунзе гипермаркетте свет жок холодильниктер өчүрүлгөн экен.
+4
meni_kut
2018-04-28 19:42:42
nurbekasr,элдик кабарга жиберчи
0
Asan123
2018-04-28 17:05:08
Жакшы пайда коруптур
Ушуга окшогон кам шариктер иштейт пайдасынан зыяны коп омур бою турмо элдин акысын жеегини учун
Меердин связы болгон болуш кк
+3
Bolunbo.kyrgyz
2018-04-28 18:54:52
Asan123, ошону кетирип Мелисти алып келип койсо расса жакшы болмок
+4
Aidaraly
2018-04-28 20:13:13
Кыныр иш кырк жылда деген ырас белем буга окшогон далай бухгалтерлер алкымын тыяр эми
+3
Aidar151080
2018-04-28 21:01:09
Төлөттүрүп анан камап салыш керек.
Элди ойлобогон акмак.
+2
Djumahmatov
2018-04-28 21:51:25
Ушуга коротулган 4 милиноду варонсофкадагы туб больницаны жанылап койушса болмок бир жарым ай жатып кыйналып кеттим условия жок эски уч жылдан бери жаткан адамдар бар алар алаксып отурганга дагы эчтеке жок врачтары моладцы эркекче таза иштешет деп ошолорду айтса болот айлык гана алышат ооругандар бир тыйын дагы коротбойт
+3
al-abu-kinesz
2018-04-28 22:45:13
Ушундай крысаларды катуу жазалаш керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан