Ош шаарында милиция кызматкеринин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкеринин жансыз денеси 28-апрелге караган түнү саат 12лер чамасында табылган.
"Ош шаарынын Масалиев көчөсүнөн Ош ШИИБинин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн аймактык тескөөчүсү Т. З.нын жансыз денеси өзүнүн машинасында табылган. Аны кароо учурунда көкүрөгүнө тийген октон каза болгону аныкталган. Автоунаа ичинен бекитилген абалда болгон. Ошондой эле маркумдун жанынан табелдик курал табылган. Тергөөнүн алгачкы версиясы боюнча ал өмүрүнө өзү кол салган. Бирок бул багытта терең иликтөө иштери жүргүзүлөт. Т.З. ички иштер органдарында 2014-жылдан бери кызмат өтөп, аймактык тескөөчү кызматына жаңыдан гана келген", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Каза болгон Т.З. Кара-Суу районунун тургуну. Бул окуя боюнча тергөө иштери уланууда.