Легендарлуу ырчы Уитни Хьюстон тууралуу даректүү тасма тартылат

Америкалык ырчы Уитни Хьюстон тууралуу даректүү тасма тартылат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, тасма "Уитни" деп аталып, ырчынын басып өткөн жолу чагылдырылат. Хьюстон тууралуу даректүү фильм тартуу идеясы ырчынын атын алып жүргөн фонд тарабынан колдоо тапкан. Кинонун режиссёру Кевин Макдональд. Ал буга чейин "Шотландиянын акыркы падышасы", "Кара деңиз" жана башка тасмаларды тарткан.

Чет элдик басылмалардын жазып чыккандарына таянсак, фильмде ырчынын чыгармачылык жолу, карьерасынан сырткары Бобби Браун менен болгон мамилеси жана жеке жашоосуна тиешелүү окуялар да чагылдырылат. Ошондой эле ырчынын дүйнө менен эрте кош айтышкандыгынын себеби да ачыкка чыгышы мүмкүн.

Айта кетсек, тасманын бет ачары Канн фестивалында өтүшү күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан