ӨКМ: "Сузакта жер көчкү бөгөп калган Көк-Арт дарыясына суу топтолуп, калктуу конуштарды эвакуациялоо каралууда"

Сузакта жер көчкүдөн Көк-Арт дарыясындагы суу бөгөлүп, 250 миң куб метр суу топтолду. Учурда дарыяга жакын жайгашкан калктуу конуштарды эвакуациялоо каралууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

“Жалал-Абад шаарына жана Сузак районуна Өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жана дарыяга жакын жайгашкан айылдарды эвакуациялоо каралууда. Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары, капитан Замирбек Дүйшөбаев баштаган ыкчам топ иштеп жатат. Азыр топтолгон суунун көлөмү болжол менен 250 миң метр куб болду”, - деп билдирди басма сөз кызматы.

Айта кетсек, буга чейин окурман "Элдик кабарга" жер көчкү Көк-Арт дарыясын тосуп калгандыктан суу топтолуп жаткандыгын билдирген.

Сузакта жана Жалал-Абадда жер көчкүдөн улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tttalant
2018-04-29 19:05:44
Кудай сактасын эми суу которулсо жаман чон дарыя болчу
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан