7-июлдан 12-июлга чейин Татарстанда өтүүчү Бүткүл дүйнөлүк Универсиадага Караколдон жаш спортчу Салтанат Ахмеджанова катышат. Бул тууралуу Каракол шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Улан Кыдыров билдирди. Ал эми Түштүк Кореянын Сеул шаарында ушул айдын башында болуп өткөн Азия чемпиондугуна Караколдон эки спортчу катышып, экөө тең байгелүү орундарды алып келишти. Алсак, 48 килограмм салмактагы Токтобаев Максат самбо боюнча 3-орунду, спорттун ушул эле түрү боюнча 65 килограмм салмактагы Бейшеев Данияр 2-орунду жеңип алды.