Мексиканын Сальтильо жана Монтеррей шаарларын бириктирип турган чоң жолдо 50 унаа катышкан жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгынын себеби жолдун туман жана тайгак болуусунан улам келип чыккан. Анын кесепетинен 15 адам жаракат алган. Окуя болгон жерге куткаруу кызматы да келгени да айтылат.
Эске салсак, буга чейин Мексика өлкөсүнүн Колима штатында жол кырсыгы катталып, бир үй-бүлөнүн 10 мүчөсү каза болгон.