Ооганстанда эки бала көчөдө жаткан минаны үйгө алып келип, апасы менен кошо жарылып кетишти

29-апрелде Ооганстандын Нангархар провинциясында мина жарылып, 2 бала жана алардын апасы көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, балдар көчөдө жаткан минаны таап, үйгө алып келишкенде жарылып кеткен. Жарылуудан улам жалпысынан 3 адам каза болуп, алты бала жаракат алган. Жергиликтүү бийлик аталган мина "Талибан" кыймылына таандык экенин айтууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
abdrakhmanovich
2018-04-30 14:40:14
Кудай сактасын. Кыргыз болуп Кыргызстанда туулуп өз жеримде жашаганыма чексиз шүгүр айтам кудайга.
+10
i1urp
2018-04-30 15:00:39
Талибан ислам террордук кыймылы коюп кетишти да.
-7
abon
2018-04-30 18:42:38
i1urp,баардык кытайлар каратист" - дегенге окшош ой дагыле бар окшойт а
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан