Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Курманбек айыл аймагында жер көчкү бөгөп калган Көк-Арт дарыясы көчкүнү жиреп, өз нугу менен агууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 29-апрелде саат 09:30 чамасында Көк-Арт дарыясына түшкөн көчкүнүн көлөмү болжол менен 1 миллион 500 миң метр куб. Көчкүнүн узуну 320 метр, туурасы 25 метр, бийиктиги 6 метр, ал эми көлөмү болсо 48 миң метр кубду түзөт. Алдын ала алынган маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор жок.
"Азыркы учурда топтолгон суу түшкөн жер көчкүнү жиреп өз нугу менен агууда. Учурда кооптуу абал толугу менен жоюла элек. Мындан улам жеринде абалды көзөмөлдөп турууга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы жана Кыргыз Республиканын ӨКМнын алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан нөөмөт уюштурулган. Ошондой эле Штаб түзүлүп, кооптуу жерде жайгашкан турак жайлардын жашоочуларына Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү. Мындан сырткары тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарынын күч каражаттары даярдыкка келтирилген", - деди басма сөз кызматынан.