Кечээ, 29-апрелде футбол боюнча Өлкө биринчилиги Топ-Лиганын 5-туру жыйынтыкталды. 5-турдун алгачкы беттешинде 25-апрелде "Дордой" - "Нефтчи" беттеши менен башталса, 28-апрелде "Илбирс" - "Абдыш-Ата" жана "Алай" - "Алга" беттеши менен уланып, 29-апрелде "Академия" - "Кара-Балта" беттеши менен жыйынтыкталган.
"Дордой" (Бишкек) - "Нефтчи" (Кочкор-Ата)
"Дордой" - "Нефтчи" - 2:2
"Дордой" спорт комплексинде орун алган беттеште командалар 2:2 эсеби менен тарашты. Эсеп саны 36-мүнөттө ачылды. Алишер Тухтасинов 11 метрлик сокку узатып, таамай болду. 2-таймда "Нефтчи" командасы эсепти 0:2 кылды, Тухтасиновдун 35 метр аралыктан дарбазанын алыскы бурчуна узатылган соккусун Валерий Кашуба тосуп алууга үлгүргөн жок. 74-мүнөттө Азиз Сыдыков эсетпи 1:2 кылса, беттештин соңуна 3 мүнөт калганда Эрнист Батырканов эсепти 2:2 кылып, оюнга чекит койду.
Муну менен 5 турдун жыйынтыгында бишкектик "Дордой" 9 упай топтоп, турнирдик жадыбалда 2-орунда жайгашууда. Ал эми кочкор-аталык "Нефтчи" 8 упай менен 4-орунда жайгашты.
Стадион: "Дордой"
Калыс: Денис Шалаев (Бишкек);
Голдор: Азиз Сыдыков (74-мүнөт), Эрнист Батырканов (87-мүнөт) - Алишер Тухтасинов (36, 46-мүнөтөрдө).
"Илбирс" (Бишкек) - "Абдыш-Ата" (Кант)
"Илбирс" - "Абдыш-Ата" - 0:2
Футбол борборунун талаасында орун алган беттеште бишкектик команда 0:2 эсебинде жеңилүү ызасын тартты. Алгачкы голду канттык команда 10-мүнөттө ачты. Анда "Илбирстин" дарбазачысы топко чуркап бара жатып өз командалашы менен сүзүшүп кетип, дарбазаны ачык калтырып койду. Канттык команданын оюнчусу Атай Жумашев мүмкүнчүлүктөн пайдаланып гол киргизди. 1-таймдын кошумча убактысында Камолидин Ташиев таамай болуп, эсепти 2:0гө айлантты. "Илбирстин" оюнчулары эсеп санын өзгөртүүгө аракет кылганы менен гол киргизе алган жок.
Муну менен канттык "Абдыш-Ата" 5 турдун эсебинде 9 упайга ээ болуп, турнирдик жадыбалда 3-орунга көтөрүлсө, "Илбирс" командасы 6 упай менен 6-орунда калды.
Стадион: Футбол борбору;
Калыс: Киемидин Пириев (Бишкек);
Голдор: Атай Жумашев (10-мүнөттө), Камолидин Ташиев (45-мүнөттө)
"Алай" (Ош) - "Алга" (Бишкек)
"Алай" - "Алга" - 3:0
"Ахматбек Сүйүмбаев" атындагы стадиондо орун алган беттеште жергиликтүү "Алай" бишкектик "Алганын" үстүнөн жеңишке жетти. Эсеп санын 21-мүнөттө Алиа Силла ачса, 62-мүнөттө Юлдашбай Салимбаев эсеп санын 2:0гө өзгөрттү. "Алганын" оюнчулары эсеп санын өзгөртүүгө аракет жасаганы менен таамай боло алган жок. Беттештин акыркы мүнөттөрүндө Жоел Кожо эсеп санын 3:0 кылып, беттешке чекит койду.
Муну менен оштук "Алай" 5 турдун эсебинде 13 упайга ээ болуп, турнирдик жадыбалдын сап башында жайгашса, "Алга" командасы 6 упай менен 5-орунда жайгашты.
Стадион: "Ахматбек Сүйүмбаев" (Ош шаары)
Калыс: Тимур Файзуллин (Бишкек)
Голдор: Алиа Силла (21-мүнөттө), Юлдашбай Салимбаев (62-мүнөттө), Жоел Кожо (90-мүнөттө).