ЖЫЛНААМА, 30-АПРЕЛЬ: Ооруга байланыштуу чыгармачылыктан алыстаган орусиялык ырчы Андрей Губин 44 жашка чыкты

Бүгүн, 30-апрелде бир кездеги популярдуу орус эстрада ырчысы Андрей Губин 44 жашка толду. Ал Уфада туулган. Анын атын чыгарган "Мальчик-бродяга" ыры 1986-жылы жарык көргөн. Ал эми 1994-жылы Леонид Агутин менен биргеликте чыгарган "Мальчик-бродяга" альбому эки жылдын ичинде 500 000 даана сатылган.

Акыркы бир топ жылдардан бери ырчынын сахнага чыкпай калганы коомчулукта ар кандай ушактарды жараткан. Бири аны "ичип кетиптир" десе, бири "психикалык клиникага түшүптүр" дешкен. Ырчы өзү бул тууралуу Андрей Малаховдун программасында "акыркы кезде жүзүмдүн сол жагындагы тамырлар тартышып, ашыкча мимикаларды кыла албай калдым. Өзүмдү жаман сезип, бир нече күн тура албай жатып калган күндөр болду. Күтүп жата бергенден пайда жок экенин түшүнүп, аракет кыла баштадым" деп оорусун жашырбай айткан.

Ошентип ал Израиль, Германиядагы дарыгерлерге көрүнөт. Ары-бери чапкылап жүргөнүнө 3 жыл кетип, 50 миң доллар корогон. Бирок кайсы жакка барбасын, дартын аныктай албай коюшкан. "Бул нерсе катуу чарчагандан, нервдин катуу чыңалышынан, депрессиядан келип чыгат экен" деп айтканы бар. Ошентип мыкты дарыгерлер жардам бере албай ырчы Москвадагы невроздор клиникасына жатып чыккан. Бир далай дары ичип мурункуга салыштырмалуу жылыш болсо да, Андрей дале өзүн жакшы сезбегенин айтып келет. Анын программада өзүн алып жүргөнүн көргөндөр "психиатрдын жардамы керек" дешсе, айрымдар "баңгизат колдонуп алганы көрүнүп турбайбы" дешкен. А бирок ырчы эч кандай баңгизат колдонбоорун айткан.

Губин 44 жашка чыкканга чейин бир дагы үйлөнгөн эмес. Ырчынын эң алгачкы сүйүүсү Лиза Саутина болгон. Түгөйлөр Губин 19, ал эми Саутина 17 жаш кезинде таанышып, жарандык никеде чогуу жашай башташкан. Андрей Губин ага "Лиза" аттуу чыгармасын арнаган. Бирок ырчы чыгарамачылыгына байланыштуу көп убакыт гастролдордо жүргөнүнө байланшытуу түгөйлөр ажырашып кеткен.

Көп өтпөй ырчы "Карамель" тобунун ырчысы Люся Кобевко менен 1 жылдан ашык сүйүү мамилесинде болгон. Бирок белгисиз себептерден улам түгөйлөр мамилелерин токтоткон.

Андрей Губин көпчүлүккө өзүнүн "Девушки как звёзды", "Зима холода", "Облака", "Милая моя далеко" ырлары менен таанымал болгон.

30-апрелдин жылнаамасы.



Андрей Губин - Милая моя далеко~1
Андрей Губин - Ночь
Андрей Губин - Облака
Андрей Губин - "Жизнь как песня"
Андрей Губин - Мальчик бродяга
Андрей Губин - Зима холода
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
asil-08
2018-04-30 13:18:44
Ушул ырчынын ырлары менен өтчү эле мектептеги дикотекалар
+4
xnurgul_gul
2018-04-30 15:24:45
Менин Атакем менен бир кундо торолгон экенда
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан